КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын I сессиясы
2013-жылдын 5-апрели № 7
Жазгы айдап- себүүнүн жана чөп жыйноо учурунда
механизаторлордун баасын бекитүү жөнүндө
Жазгы айдап- себүүнүн жана чөп жыйноо учурунда механизаторлордун баасын бекитүү боюнча айылдык Кеңеш токтом кылат:
1.Жазгы айдап- себүүнүн жана чөп жыйноо учурунда механизаторлордун баасы жалпы жыйында айтылган баа менен төмөндөгүдөй бекитилсин:
1. Дың жерди бузуу үчүн — ДТ жана деңгөлөктүү тракторго 30 литр солярка, акысы үчүн 1 (бир) гектар жерге 1000 сом;
2. Аңыз жер үчүн — 25 литр солярка , акысы 1(бир) гектар жерге 500 сом;
3. Бузулган жерди тырмоо үчүн — 10 литр солярка, акысы 1 (бир) гектар жерге 350 сом;
4. Арык тартуу үчүн—1(бир)метр жерге 0,50тыйын;
5. Огородду айдатуу үчүн — 0,1 га жерге 10,0 сом;
6. Чөп чабуу үчүн — 10 литр солярка , акысы 1(бир) гектар жерге 700 сом;
7. Чөп тартуу үчүн — солярка аралыкка жараша бензин куюлат, акысы бир рейс 250 сом;
8. Чым кескич үчүн — 10 литр солярка, акысы 1(бир)гектар жерге 400 сом ;
9. Чөп тырмоо үчүн — 5 литр солярка, акысы 1(бир) гектар жерге 150 сом; .
10. Эгин себүү үчүн — 10 литр солярка , акысы 1(бир) гектар жерге 350 сом.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абылгазиевге тапшырылсын.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |