Редакцияот 05.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казбек айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын III сессиясы

 

2013-жылдын 5-апрели № 15

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М.Молдакуновдун

отчету жана Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин

бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М.Молдакуновдун отчетун жана бюджетин угуп жана талкуулап айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт пайдалуучулар бирикмесинин 2013-жыл боюнча мал башына чыккан бир жылдык бюджети бекитилсин.

2. Жайыт комитетинин мүчөлөрү М.Молдакунов, У.Карыбеков жана Г.Жунусбековаларга 2013-жыл үчүн каттоодон сырткаркы малга чогулуучу 10000 сом өлчөмүндө жана Ак-Сай өрөөнүндөгү вагондордон 35000 сом өлчөмүндө акча каражаты чогултулуусу тапшырылсын.

 

Казбек айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Аттокуров