Редакцияот 05.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казбек айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын III сессиясы

 

2013-жылдын 5-апрели № 18

Жаңы-Күч айылына муниципалдык менчиктеги

ФАПтын жаңы имаратын курууга жер участогун бөлүп берүү жөнүндө

 

Жаңы-Күч айылына муниципалдык менчиктеги ФАПтын жаңы имаратын курууга жер участогун бөлүп берүү боюнча Жаңы-Күч айылындагы ФАПтын башчысы Ж.Кайыпованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-25-статьясынын негизинде айыл ичиндеги эски дүкөндүн ордуна муниципалдык менчиктеги ФАПтын жаңы имаратын курууга 0,07 га жер участогу бөлүнүп берилсин.

2.Токтом чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнөн суралсын .

 

Казбек айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Аттокуров