Редакцияот 05.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казбек айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын III сессиясы

 

2013-жылдын 5-апрели № 22

Казыбек айылынын тургуну Кубатов Абдылданын үлүш жери жөнүндө

Казыбек айылынын тургуну Кубатов Абдылданын үлүш жери боюнча арызын угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Кубатов Абдылданын арызында көрсөтүлгөн жерлер ченелсин жана ашык жер болсо, үлүшкө тийген жери берилсин.

2.  үлүшкө тийген жерлерди жеринде ченеп жана тактап берүү боюнча төмөндөгүдөй комиссия түзүлсүн:

айыл чарба боюнча башкы адис М.Шермамбетов ;

айыл чарбасы боюнча айылдык депутаттардан түзүлгөн туруктуу комиссия мүчөлөрү А.Абылов, Истам у.Кубан, К.Сааматов;

«Люстрация» коомдук бирикмесинин Казыбек айылы боюнча координатору Дүйшеналиев Токтор.

3. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абылгазиевге тапшырылсын.

 

Казбек айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Аттокуров