Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-июлу № 24/2
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүктөрү
боюнча 6 айда аткарган иштеринин маалыматы жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча 6 айлыгынын аткарылышы жөнүндөгү маселе айылдык Кенештин бюджет, экономика, соода жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевдин 2015-жылдын 6 айлыгынын киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча аткарган иш аракеттери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Ажибаев |
Т . Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн бюджеттик комиссиясынын 2015-жылдын 6 айында киреше жана чыгаша бөлүгү жөнүндө
ПРОТОКОЛУ
Кызыл-Булак айылы «_15__»__07__ 2015 ж.
1.Катышкандардын саны 5
2.Кун тартибинде каралуучу маселелер:
Т.Кулатов айылдык округунун экономика, бюджет жана ишкердүүлүк боюнча комиссиянын төрагасы Ж.Нарматов ачты.
Урматуу отурумдун катышуучулары, Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнү аткарылышын талкулоо жана айыл өкмөтүнө караштуу айылдардан келген арыз даттанууларбоюнча .
Бугунку отурумга Н.Мадимаров айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл кенештин экономика, бюджет жана ишкердуулук боюнча комиссиясынын мүчөлөрү жана айыл округунун аппараттын кызматкерлери катышууда:
Т.Кулатов айыл округунун туруктуу бюджеттик комиссиясы 2015-жылдынг 6 айында акча каражатын экономика, бюджет жана ишкердуулук боюнча комиссиянын көрсөтүлгөн токтому менен бекитилсин.((Тиркеме тиркелет)
Бүгүнкү отурумда кун тартибиндеги экинчи маселедеги каралуучу жергиликтүү бюджеттен 4 кварталдан каралган суммадан 3 кварталга жылдыруу жагы Ноокат райондук финансы бөлүмүнөн суралсын жана жергиликтүү бюджеттен эконом болгон статьялардан төмөнкүлөргө акча каражаты каржылансын.
Муратов Жумандын кайрылган арызын эске алып жергиликтүү бюджеттен 50,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин
Бурханов Мамазаирге кайрылган арызын эске алып айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттен 50,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Рысов Эркинге кайрылган арызын эске алып айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттен 10,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Каримова Айнура кайрылган арызын эске алып айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттен 10,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Жунусали уулу Баяманга кайрылган арызын эске алып айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттен 10,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин
Калган сураныч каттар менен кайрылган арыз даттануулар 2015-жылдын 9 айында кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен каржылансын.
Урматтуу отурумдун катышуучулары:
Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн экономика, бюджет жана ишкердүүлүк боюнча комиссиянын күн тартибинде коюлган маселелер каралып тиешелүү чечимдер кабыл алынып бүтүп жана отурумдун өтүшү боюнча кимде кандай ой пикир, сунуштар бар.
Жогоруда айтылган ой-пикир, сунуштарды угуп жана талкуулап отурумдун жыйыны кезектүү жергиликтүү кеёешинин сессиясына
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Т.Кулатов айыл округунун туруктуу бюджеттик комиссиясы 2015-жылдынг 6 айында түшкөн акча каражатын экономика, бюджет жана ишкердуулук боюнча комиссиянын көрсөткөн токтому менен бекитилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнө тапшырылсын.