Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-июлу № 24/3
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы клубдун атыны көп жыл эмгек кылып, элге эмгеги синген Имарова Тургундун ысмын коюу жана ошол жерге бюстун орнотуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин депутаттарынын сессиясында элдик жамаатын жыйынын жана жер комиссиясынын протоколдорунда айтылган ой-пикир сунуштарын угуп жана талкуулап депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы клубка көп жыл элге эмгеги синген, айылдык Кенештин эки жолку төрайымы болгон Имарова Турдунун ысмы берилсин.
2. Кожо-Арык айылындагы клубдун кире беришиндеги түндүк тарабынан Имарова Турдунун бюстун коюу үчүн 4 ч.м жер аянтын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин жер аянтарна менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Ажибаев |