Редакцияот 04.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVII сессиясы

 

2015-жылдын 4-марты № 17/2

Кочкор айылдык Кенешинин 2015-жылга иш планын бекитүү жөнүндө

Кочкор айылдык Кенешинин иш планын карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 36-статьясына ылайык Кочкор айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор айыл аймагынын айылдык кенешинин 2015-жылга иш планы кошумча алымчасы менен бекитилсин.

2. Кочкор айыл аймагынын айылдык кенешинин иш планынын 2015-жылга аткарылышын депутаттардын Кочкор айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Кочкор айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Аситов