Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-сентябры № 2
Шаардын социалдык экономикалык өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин жана калкты социалдык жактан коргоо маселелери боюнча 2013-жылдын 1-жарым жылында аткарылышы жөнүндө
2013-жылдын 1-жарым жылында аткарылышы боюнча шаардын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу И.Масабиолвдун отчету жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын-пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги 11–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 1-жарым жылында шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планынын, шаардык бюджеттин аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо маселелери тууралуу шаардын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу И.Масабировдун отчету канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык кеӊешинин төрагасы |
М.С. Кулдышев |