Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-сентябры № 3
2013-жылдын 8 айынын ичинде салык жыйымдарынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджетти толуктоодо салык инспекциясынын жүргүзгөн иштери боюнча салык инспекциясынын башчысы Т.Ж.Суранбаевдин маалыматы
2013-жылдын 8 айынын ичинде салык жыйымдарынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджетти толуктоодо салык инспекциясынын жүргүзгөн иштери боюнча салык инспекциясынын жетекчиси Т. Суранбаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин, сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги 11–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 8 айынын ичинде салык жыйымдарынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджетти толуктоодо салык инспекциясынын жүргүзгөн иштери боюнча салык инспекциясынын жетекчиси Т. Суранбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык кеӊешинин төрагасы |
М.С.Кулдышев |