Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII заседаниеси
2015-жылдын 6-апрели № 18/3-1
Жазгы сезон башталгандыгына байланыштуу Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы элди белгиленген убакта жайлоого көчүрүү жана жайытты туура пайдалануу жөнүндө
Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элди жайлоого көчүрүү айыл өкмөттө белгиленген мөөнөткө уюштурулсун.
2. Жайлоо территориялары аймактагы элдин мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу чектеш жайгашкан айыл өкмөттөрү менен келишим түзүлүп, туура бөлүштүрүлсүн.
3. Жайкы жайлоо убактысы элди көчүрүү 5-майдан 15-майга чейин, көчүп келүү 20-сентябрдан эрте эмес деп белгиленсин.
4. Жайыттарды туура пайдалануу жана чөп орунду аймакты, айыл чарба өсүмдүктөрүн, эгилген эгинди малга жедирбей сактоо максатында тийиштүү жайлоо участкаларында кароолдор уюштурулсун.
5. Чөп чабынды участкаларды, себилген айыл чарба өсүмдүктөрүн, эгилген айдоо аянттарды себепсиз малга тебелетсе, жыйналып турган айыл чарба түшүмүн бузуу же жок кылуу, отургузулган өсүмдүктөргө менчигинин түрүнө карабай мал же канаттуулар тарабынан зыян келтирилсе, административдик жазалар жөнүндөгү кодекстин 193-беренесинин негизинде административдик жазана салынсын.
6. Административдик жаза төмөндөгүдөй белгиленсин:
А) Жайлоого өз убагында көчпөй же түшүм жыйнала электе белгиленген графикти сактабаса же чөп чабынды участканы, себилген айыл чарба өсүмдүктөрүн, айдоо аянттарын эскертүүлөргө карабастан тебелетсе, АЖЖКнын 193-беренесинин негизинде 1000 ( миң ) сом өлчөмүндө административдик жазана белгиленсин.
Б) Элди жайлоодон көчүрүүдөн кийин эгин талаасын, чөп чабынды участкаларды, эгилген айыл чарба өсүмдүктөрүн ат жана башка майда малдарды бош кое берип, эскертүүлөргө карабай зыян келтирсе, бодо мал үчүн 200(эки жүз) сомдон 500 (беш жүз) сомго чейин, ал эми жандыкка ( кой-эчкиге) 50 (элүү) сомдон 100 (жүз) сомго чейин жазана белгиленсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл башчыларга, жамаат башчыларга жана салык, жер адистерине милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Ж.Өмүрзаковго тапшырылсын..
Жошолу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Иманахунов |