Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-сентябры № 4
2013-жылга шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча шаардык мэриянын программасы жөнүндө
2013-жылга шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча шаардык мэриянын программасы тууралуу шаардын мэринин убактылуу милдетин аткаруу И.А.Масабировдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын-пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги 11–cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча шаардык мэриянын программасы тууралуу шаардык мэринин убактылуу милдетин аткаруу И.А.Масабировдун маалыматы эске алынсын.
2. 2013-жылга шаарды социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча шаардык мэриянын программасы бекитилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык кеӊешинин төрагасы |
М. С. Кулдышев |