Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-февралы № 19/3
Араван районуну 80 жылдык маарекесине карата Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн көчөлөрүнүн
ген.планына акча каражатын бөлүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеёешинин депутаттары күн тартибиндеги маселеде Араван райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын сунушуна боюнча, Араван районунун 80 - жылдык маарекесине карата Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн көчөлөрүнүн ген. планына акча каражатын карап берүү жөнүндөгү сунушун карап, кызуу талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван районунун 80 - жылдык маарекесине карата, Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн көчөлөрүнүн ген. планына акча каражаты айыл өкмөтүнүн кошумча кирешесинин эсебинен каржылоо жагы каралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеёештин бюджет боюнча комитетине жүктөлсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тажибаев |