Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-сентябры № 5
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы М.А.Сариевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги 11–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу шаардык Кеңештин жооптуу катчысы М.Сариевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. “Ата Мекен” саясий партиясынан Таш-Көмүр шаардык Кеңешине депутат Жылтырбеков Жанузак Керимбаевичтин жана “Ата Журт” саясий партиясынан Таш-Көмүр шаардык Кеңешине депутат Мырзакматов Нургазы Орозбаевичтин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, шаардык Кеңештин алдындагы“Мыйзамдуулук” жана “Өнөр жай” маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын курамдарынан чыгарылсын.
3. “Ата Мекен” саясий партиясынан депутат Кылыев Маданбек Соурбекович шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” маселеси боюнча жана “Ата Журт” саясий партиясынан депутат Абдымомунов Уланбек Омуралиевич шаардык Кеңештин алдындагы “ Өнөр жай” маселеси боюнча туруктуу комиссияларынын курамдарына киргизилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысы М.Сариевге жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык кеӊешинин төрагасы |
М.С. Кулдышев |