Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-февралы № 7/3
Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин аймагындагы № 3 он мандаттуу Совет шайлоо округунун айылдык Кеңешинин депутаты Кадырбердиев Маматурайымдын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн
мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 14.03.2013-жылы кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларына озгортуулорду жана толуктоолорду киргизу жонундогу» мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын жергиликтуу оз алдынча башкаруу мыйзамынын 22 «мамлекеттик жана муниципалдык билим беруу жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери, айылдык кенешинин депутаттык укуктарынын айкалышпастыгы жонундогу» статьясына жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо» Мыйзамынын 31- беренесинин 7- болумчөсүнө ылайык жана депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 19.02.2014-жылдагы № 1 протоколдук чечиминин негизинде Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айылдык Кенешинин аймагындагы № 3 он мандаттуу Совет шайлоо округунун айылдык Кеңешинин депутаты Кадырбердиев Маматурайым Кара-Кулжа айылында жайгашкан № 29 кесиптик лицейдин директору болуп дайындалгандыктан, анын депутаттык ыйгарым укуктары моонотунон мурда токтотулсун.
Кара-Кулжа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Орозбаев |