Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-сентябры № 7
Мэриянын 25.09.2013-жылдагы “2013-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү» боюнча № 01-12/1188 кайрылуу каты жөнүндө
Мэриянын 25.09.2013-жылдагы 2013-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү» боюнча № 01-12/1188 кайрылуу каты тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 11 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мэриянын 25.09.2013-жылдагы “2013-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү» боюнча № 01-12/1088 кайрылуу каты тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматы жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы ГЭСтердин өндүргөн электр энергиясын сатуудан алынуучу салыгынан (НСП) түшүүчү каражаттын эсебинен Таш-Көмүр шаарынын 2013-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн көлөмү 910 340 (тогуз жүз он миң үч жүз кырк) сомго жогорулатылып, өзгөртүү киргизилсин.
3. Таш-Көмүр шаарынын 2013-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизилип, түшүүчү каражаттын эсебинен төмөндөгүлөргө бөлүштүрүлсүн:
Шаардык мэрия аркылуу:
-Мэрияга орг.техника (компьютер, принтер) менен жабдууларды сатып алууга -280 000 сом;
-310-резервдик ротасын аскер кийимдери менен камсыз кылуу үчүн-299 000 сом;
Шаардык Кеңеш аркылуу:
-Шаардык депутаттар Кеңешине орг.техника (компьютер, принтер) сатып алуу үчүн – 60 000 сом;
Шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу:
-Шаардагы № 6 “Наристе” бала бакчасына кошумча тайпа ачууга жана бөлмөлөрдү ремонттоо, эмеректер менен жабдуу иштери үчүн - 50 000 сом;
-Шаардагы “Байчечекей” балдар бакчасын тиешелүү эмеректер менен жабдууга - 76 600 сом;
-Шамалды-Сай шаарча аймактык башкармалыгынын имаратын ремонттоо үчүн Шамалды-Сай шаарча аймактык башкармалыгы аркылуу -105 740 сом;
-Шаардын аймагында ВИЧ СПИД илдетине чалдыккан жаңы төрөлгөн ымыркайдын бир жашка чейинки тамак ашына шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы аркылуу- 39 000 сом;
4. Жогорудагы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүчү 910 340 сом каражат түшкөндөн кийин каржылоо жагы белгиленсин.
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
6. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына /Э.Кулуев/ жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасы |
М. Кулдышев |