Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-апрели № 8/7
Кара-Кулжа айылдык Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2014-жылга карата киреше, чыгашасын жана жайыт пайдалануу тарифин бекитип берүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кара –Кулжа айылдык округдук Кеңешинин аймагында жок болуп бара жаткан жаныбарлар, осумдуктор дуйносун сактап калуу, айлана чойрону коргоону, биосфералык ар турдуулукту сактоону колго алуу максатында, 1997-жылга чейинки совкоз колхоздун жайыт жерлери жөнүндө натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруу жана пайдаланууну камсыз кылуу жөнүндө Кара -. Кулжа айылдык округунун аймагында Кара –Кулжа айылында 14.04.2014-жыл, Сары –Камыш айылында 30.03.2014-жыл, Биймырза айылында 13.04.2014-жыл, 1-Май айылында 22.04.2014-жыл элдик жыйынынын протоколдорунда корсотулгон жөнүндөгу токтомдорун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара –Кулжа айылдык округунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мал санагынын негизинде, 5000 баш бодо, 2400 баш жылкы, (24 435 баш кой жандык) шарттуусу 4 893 баш сырттан келген (30 000 баш кой жандык) шарттуусу 6000 баш, 1000 баш бодо, 1000 баш жылкы, 20 293 баш болгон шарттуу малга бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануу ийри муйуздуу малга (жылкыга) 54 сом, мал жандыктарга 18 сомдон жана сыртан келген, ийри музуйдуу малга (жылкыга ) -100 сомдон, мал жандыктарга 30 сомдон тарифи бекитилсин.
3. Кара –кулжа айылдык округунун жайыт пайдалануучу аймагы коп болгондуктан, жайыт салыгы колдонулган аянтка, 20,293 (Жыйырма мин эки жуз токсон уч ) гектарга деп жайыт салыгы 107,55 сомго бекитилсин.
4. Кара –кулжа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2014-жылга бюджеттин киреше болугу 867,674 сомго, чыгаша болугу 867,674 сомго бекитилсин.
5. Кочуп кетуу 10-майга, кочуп келуу мооноту 20-сентябрга деп белгиленсин.
6. Жайыт билетин албаган Жайлоого кочуудогу жана кочуп келуудогу моонотту бузган жайыт пайдалануучулар Жайыт мыйзамынын 93-статьясынын 2-пунктунун негизинде, юридикалык жакка 10 000 сом, жеке жаранга 5000 сом айып пулу корсотулсун.
7. Кара –Кулжа айылдык округунун аймагындагы Кара –Кулжа жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыты, 1997-жылга чейинки “Геоцентр” тарабынан чийилген контурдагы жайыт аянты озгорулбосун жана Кара –Кулжа Токой чарбасына караштуу жайыт аянтындагы жайыт акысы Кара –кулжа айылдык Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) тарабынан гана жургузулсун.
8. Таза суунун башында жайланышкан жайлоолорго мал отургузулбасын .
9. Кара –кулжа айылдык округунун аймагындагы мергенчилик инспекциясынын иштерин жайыт комитети тарабынан козомолдосун.
10. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын иштери боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы М.Исраиловго тапшырылсын .
Кара-Кулжа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Орозбаев |