Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-сентябры № 8
Мэриянын 16.09.2013-жылдагы “Айыл чарбасына арналбаган жерлердин зоналдык Кз коэффициентин бекитүү” боюнча 01-12/1128 кайрылуу каты жөнүндө
Мэриянын 16.09.2013-жылдагы “Айыл чарбасына арналбаган жерлердин зоналдык Кз коэффициентин бекитүү” боюнча 01-12/1128 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Бюджет жана экономика” маселеси боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 11 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мэриянын 16.09.2013-жылдагы “Айыл чарбасына арналбаган жерлердин зоналдык Кз коэффициентин 2014-жыл үчүн бекитип берүү” тууралуу 01-12/1128 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Бюджет жана экономика” маселеси боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматы жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарынын жана Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарчаларынын аймактарында калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгы үчүн колдонуучу зоналдык «Кз» коэффициенти 2014-жыл үчүн 1.2 өлчөмүндө бекитилсин.
3.Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын коэффициенти 2014-жылга 1,0 өлчөмүндө бектилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Кулуев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык кеӊешинин төрагасы |
М. Эминов |