Редакцияот 18.09.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин X чакырылышынын V сессиясы

 

2014-жылдын 18-сентябры № 10/6

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Э.Осмонов атындагы

мектебинин окуучусу Жамакеев Акназарга Түштүк Корея

республикасында өтүп жаткан эл аралык мелдешке катышууга жол

акысына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Э.Осмонов атындагы мектебинин окуучусу Жамакеев Акназар областык, республикалык жана эл аралык мелдештерде ийгиликтерге жеткендигине жана жаш-оспурум спортсмендерге дем берүү максатында Кара-Кулжа айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Э.Осмонов атындагы мектебинин окуучусу Жамакеев Акназарга Туштук Корея республикасында отуп жаткан эл аралык мелдешке катышып келууго 20.000 (жыйырма мин) сом болунуп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык болумдун башчысы Б.Султановага тапшырылсын.

 

Кара-Кулжа айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Д. Орозбаев