Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-сентябры № 9
Мэриянын 16.09.2013-жылдагы “Жер салыгын жана мүлккө болгон салыкты бекитип берүү” тууралуу 01-12/1128 кайрылуу каты жөнүндө
Мэриянын 16.09.2013-жылдагы “Жер салыгын жана мүлккө болгон салыкты бекитип берүү” тууралуу 01-12/1128 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Бюджет жана экономика” маселеси боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын-пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 11 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мэриянын 16.09.2013-жылдагы “Жер салыгын жана мүлккө болгон салыкты бекитип берүү” тууралуу № 01-12/1128 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Бюджет жана экономика” маселеси боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматы жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын-пикирлери эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ишке киргизүү мыйзамынын 3-беренесинин 3-пункту күчүн жоготкондугуна байланыштуу Таш-Көмүр шаарынын аймагына 01.01.2014-жылдан баштап мүлк салыгы жана жер салыктары киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин мыйзамынын негизинде мүлккө болгон салыгынын 13-бөлүгүнүн 323-беренесинен 333-беренесине ылайык жана жер салыгы боюнча 14-бөлүгүнүн 334-беренесинен 344-беренесине ылайык салыктарды эсептеп чыгуу жагы шаардык салык инспекциясына жүктөлсүн.
4. Бул токтомду аткаруу жагы салык кызматынын Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
6. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына /Э.Кулуев/ жүктөлсүн
Таш-Көмүр шаардык кеӊешинин төрагасы |
М.С. Кулдышев |