Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-сентябры № 11/4
Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин 18.09.2014-жыл № 10/2 «Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жана муниципалдык жер аянттарынан и ижарага (арендага) берүү боюнча эч кандай жумуштар аткарылбагандыгы аймактык өз алдынча башкаруусунун (АКОБ) иштерин уюштура албагандыгы үчүн Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Пазыловдун кызмат абалы кароо жөнүндөгу» токтому жөнүндө
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин 18.09.2014-жыл № 10/2 «Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жер аянттарынан ижарага берүү боюнча бош жер аянттарга «Лот» тузулбогондугу, жалпы маалымат каражаттарына же райондук «Мезгил уну» газетасына жарыя берилбегендиги жана муниципалдык жерлерди, имараттарды арендага берүү боюнча эч кандай жумуштар аткарылбагандыгы жана аймактык оз алдынча башкаруусунун (АКОБ) иштерин уюштура албагандыгы учун Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Пазыловдун кызмат абалы кароо жөнүндөгу» токтому жөнүндө Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин торагасынын орун басары А.Абдыкадыровдун маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жана муниципалдык жер аянттарын тактоо учун томондогу жумушчу курам тузулсун :
1. Н.Жоржоев -№3 алты мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунун депутаты,
2. К.Жакыпов - № 2 он мандаттуу Совет шайлоо округунун депутаты,
3. Б.Жээнбеков -№4 алты мандаттуу Биймырза шайлоо округунун депутаты,
4. М.Исраилов - № 2 он мандаттуу Совет шайлоо округунун депутаты,
5. К.Султанов -№1 тогуз мандаттуу 1-Май шайлоо округунун депутаты,
6. Д.Айдарбеков -№1 тогуз мандаттуу 1-Май шайлоо округунун депутаты,
7. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн жер адиси Кадыр уулу Тыныбек,
8. Кара-Кулжа айылынын айыл башчысы К.Калмуратов.
9. 1-Май айылынын айыл башчысы К.Турдубаев.
10. Биймырза айылынын айыл башчысы С.Кудайбердиев.
11. Сары-Камыш айылынын айыл башчысы Т.Бакыев.
2. Комиссиянын курамы биринчи уюштуруу жыйынында, комиссиянын торагасын жана катчысын шайлашсын жана айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жана муниципалдык жер аянттарын 01.11.2014-жылга тактап жыйынтыкташсын.
Кара-Кулжа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д. Орозбаев |