Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-сентябры № 10
Шаардагы аймактык башкармалыктардын эмгек маяналары”тууралуу мэриянын 03.09.2013-жылдагы № 01-12/1079 кайрылуу каты жөнүндө
“Шаардагы аймактык башкармалыктардын эмгек маяналары” тууралуу мэриянын 03.09.2013- жылдагы № 01-12/1079 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Бюджет жана экономика” маселеси боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 11 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мэриянын 03.09.2013- жылдагы “Шаардагы аймактык башкармалыктардын эмгек маяналары” тууралуу № 01-12/11079 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Бюджет жана экономика” маселеси боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматы жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. “Шаардын аймагындагы аймактык башкармалыктардын баштапкы эмгек маяналары” жөнүндөгү Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин 19-декабрь 2008-жылдагы 25-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын № 10 токтому жокко чыгарылсын.
3. Таш-Көмүр шаардын аймагындагы 4 аймактык башкармалыктардын башчыларынын эмгек маяналары жетектөөчү адистин жана катчыларынын эмгек маяналары адистин кызматтык маянасы деңгээлинде 2013-жылдын 01-августунан кошумча эсептөө жагы менен жергиликтүү бюджеттен каржыланып берилсин.
4. Токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына /Э.Кулуев/ жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык кеӊешинин төрагасы |
М.С. Кулдышев |