Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-сентябры № 11
Шаардык кеңештин токтомдору жөнүндө
“Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин токтомдорунун кабыл алынуусу тууралуу” Жалал-Абад облусунун Юстиция башкармалыгынын 22.07.2013-жылдагы № 342/03-7 сунушу жөнүндө шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Конкобаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги 11–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин токтомдорунун кабыл алынуусу тууралуу шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Конкобаевдин маалыматы эске алынсын.
2. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү” жобосуна ылайык Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Токтомду мамлекеттик реестрден каттоодон өткөрүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин жооптуу катчысы М.Сариевге жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык кеӊешинин төрагасы |
М.С. Кулдышев |