Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-сентябры № 12
Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы жер участкаларын ижарага берүү жана жеке менчикке кайтарымдуу өткөрүү укуктарын берүүчү комиссиянын курамын өзгөртүп берүү” тууралуу мэриянын 01.08.2013-жылдагы № 01-12/859 кайрылуусу жөнүндө
“Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы жер участкаларын ижарага берүү жана жеке менчикке кайтарымдуу өткөрүү укуктарын берүүчү комиссиянын курамын өзгөртүп берүү” тууралуу мэриянын 01.08.2013-жылдагы № 01-12/859 кайрылуусу боюнча шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Конкобаевдин билдирүүсүн жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 11 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы жер участкаларын ижарага берүү жана жеке менчикке кайтарымдуу өткөрүү укуктарын берүүчү комиссиянын курамын өзгөртүп берүү” тууралуу мэриянын 01.08.2013-жылдагы № 01-12/859 кайрылуусу боюнча шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Конкобаевдин билдирүүсү жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы жер участкаларын ижарага берүү жана жеке менчикке кайтарымдуу өткөрүү укуктарын берүүчү комиссиясы мындан ары “Таш-Көмүр шаары боюнча жер участкаларын аукцион аркылуу берүү боюнча комиссиясы” деп өзгөртүлсүн.
3. Таш-Көмүр шаары боюнча жер участкаларын аукцион аркылуу берүү боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизилип, ээлеген кызматтык орундарын гана көрсөтүү менен төмөндөгүдөй курамда бекитилсин.
Комиссиянын курамы:
1. I-вице-мэр - комиссиянын төрагасы;
2. Шаардык мэриянын турак-жай жана коммуналдык чарба бөлүмүнүн башкы адиси-комиссиянын катчысы.
Мүчөлөрү:
3. Шаардык Кеңештин жооптуу катчысы - комиссиянын мүчөсү,
4. Шаардык каржы бёлъмънън башчысы - комиссиянын мүчөсү,
5. Шаардык архитект.башк.башчысы - комиссиянын мүчөсү,
6. Шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлкө укуктарды каттоо бөлүмүнүн башчысы - комиссиянын мүчөсү,
7. Шаардык муниципалдык менчик департаментинин директору - комиссиянын мүчөсү,
8. Шаардык муниципалдык менчик департаментинин бөлүм башчысы - комиссиянын мүчөсү,
9. Шаардык Кеңештин депутаты. “Өнөр жай” маселеси боюнча туруктуу комиссиясынын тёрагасы - комиссиянын мүчөсү,
10.Шаардык Кеңештин депутаты, “Мыйзамдуулук” маселеси боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү
11. Шаардык салык кызматынын бөлүм башчысы - комиссиянын мүчөсү.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Токтомду мамлекеттик реестрден каттоодон өткөрүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Конкобаевге) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык кеӊешинин төрагасы |
М.С. Кулдышев |