Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-сентябры № 13
Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы муниципалдык менчик жер участкаларын ижарага берүү боюнча конкурстук комиссиянын курамын бекитип берүү” тууралуу мэриянын 22.08.2013-жылдагы № 01-12/1033 кайрылуусу жөнүндө
“Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы муниципалдык менчик жер участкаларын ижарага берүү боюнча конкурстук комиссиянын курамын бекитип берүү” тууралуу мэриянын 22.08.2013-жылдагы № 01-12/1033 кайрылуусу боюнча шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Конкобаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 11 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы муниципалдык менчик жер участкаларын ижарага берүү боюнча конкурстук комиссиянын курамын бекитип берүү ” тууралуу мэриянын 22.08.2013-жылдагы № 01-12/1033 кайрылуусу боюнча шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Конкобаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. “Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы муниципалдык менчик жер участкаларын ижарага берүү боюнча конкурстук комиссиянын курамы ээлеген кызматтык орундарын гана көрөётүү менен төмөндөгүдөй курамда бекитилсин.
1. I-вице-мэр - комиссиянын төрагасы;
2. Шаардык мэриянын турак-жай жана коммуналдык чарба бөлүмүнүн башкы адиси - комиссиянын катчысы.
Мүчөлөрү:
3. Шаардык Кеңештин жооптуу катчысы - комиссиянын мүчөсү,
4. Шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы - комиссиянын мүчөсү,
5. Шаардык архитект. башк. башчысы - комиссиянын мүчөсү,
6. Шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мълкё укуктарды каттоо бёлъмънън башчысы - комиссиянын мүчөсү,
7. Шаардык муниципалдык менчик департаментинин директору - комиссиянын мүчөсү,
8. Шаардык муниципалдык менчик департаментинин бёлъм башчысы - комиссиянын мүчөсү,
9. Шаардык Кеңештин депутаты, “Өнөр жай” маселеси боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - комиссиянын мүчөсү,
10. Шаардык Кеңештин депутаты, “Мыйзамдуулук” маселеси боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү - комиссиянын мүчөсү,
11. Шаардык салык кызматынын бөлүм башчысы - комиссиянын мүчөсү.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Токтомду мамлекеттик реестрден каттоодон өткөрүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Конкобаевге) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык кеӊешинин төрагасы |
М.С. Кулдышев |