Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XII сессиясы
2014-жылдын 14-февралы № XII-1
Төө-Моюн айыл аймагын социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнүктүрүү боюнча 2013-жыл ичинде айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жалпы абалы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Абдуллаевдин отчету
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын маалыматтарын, айыл өкмөтүнүн башчысы С.Абдуллаевдин отчетун жана сөзгө чыккан депутаттардын сын-пикирлерин, сунуштарын угуп чыгып Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 3,12- абзацтарына, айылдык кеңештин Регламентинин 2,12-главаларына негиз жана Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдарда омоктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген милдеттерди жүзөгө ашырууга багытталып, иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун 2013-2017-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясында” көрсөтүлгөн: жергиликтуу өз алдынча башкарууга жамаат мучөлөрүнүн катышуусун активдештируу, жарандарга сапаттуу жана жеткиликтуу кызмат көрсөтүүгө кепилдик бере алган натыйжалуу муниципалдык башкарууну, ишенимге жана урматтоого ээ болгон, ачык айкын жергиликтуу бийликти калыптандыруу, айыл өкмөтүнүн түзүмүн оптималдаштыруу, муниципалдык кызматка кадрларды тандоодо алардын кесипкөйлүүлүгүнө, чынчылдыгына, демилгелүүлүгүнө өзгөчө басым жасоо талаптарын ишке ашыруу, ошондой эле айыл өкмөтүнүн компетенциясындагы маселелерди чечүүдө жергиликтүү денгээлде укутук ченемдик актылар менен камсыз кылуу максатында айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы С.А.Абдуллаев айылдык аймакты 2013-жылда социалдык-экономикалык, маданий жактан өнүктүрүүдө жүргүзүп жаткан иштери көңүлгө алынсын жана Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдарда омоктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген милдеттерди жүзөгө ашырууга максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун 2013-2017-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясында” көрсөтүлгөн талаптарды ишке ашыруу багытында кабыл алынган айылдык кеңештин токтомдорун аткарууну камсыздоодо, айыл өкмөтүнүн жалпы ишинин натыйжалуулугуна жетекчилик кылууда кемчиликтерге жол берип, өзүнүн мыйзамдуу ыйгарым укуктарын талап даражасында аткарбай жаткандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы С.Абдуллаевке сессияда айтылган сын-пикир, сунуштарды эске алуу менен токтомдо белгиленген кемчиликтерди жоюу, айылдык кеңештин: 2013-жылдын 3-мартындагы сессиясында кабыл алынган №5-1,№5-2,№5-3, 2013-жылдын 4-сентябрындагы сессиясында кабыл алынган №8-1, №8-2, 2013-жылдын 2-октябрында кабыл алынган №9-1, №9-2, №9-3, №9-6, №9-7 токтомдорун жана төмөндөгү сунуштардын аткарылышын камсыз кылууга айыл өкмөтүнүн аппаратынын ишин багыттасын. Бул иш чараларды жүзөгө ашырууга 6 ай мөөнөт берилсин:
-эмгек жана аткаруу тартибин чыңдоо боюнча кескин чараларды көрүү;
-айыл окмотунун бюджети, анын аткарылышы боюнча айкындуулука жетишүү үчүн айыл өкмөтүнүн имаратында атайын маалымат бурчун уюштуруу;
- айыл өкмөтүнүн кадрлар резервин түзүү;
- аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү стратегиясын кайра карап чыгуу, толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- мамлекеттик фондунун жерлерин натыйжалуу пайдалануу боюнча перспективдуу планды иштеп чыгуу, айылдык кенештин кароосуна киргизүү;
- муниципалдык менчиктин реестрин тузүү, муниципалдык менчикти менчиктештирүү программасын, муниципалдык менчикке менчик жана ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн регламентин иштеп чыгуу, комиссиянын курамын түзүү жана айылдык кенешке сунуштоо;
- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын муктаждык денгээлин аныктоо, аларга көмөк көрсөтүү максатында социалдык комиссия жөнүндө Жобо иштеп чыгуу, комиссиянын курамын айылдык кенештин кароосуна киргизуу;
- айыл чарбасын жана ишкерликти өнуктүрүү, кошумча иш орундарын түзүү боюнча артыкчылыктуу багыттарды аныктоо, узак мөөнөттүү иш чраларды иштеп чыгуу.
З.Мөөнөт бүткөн мезгилден токтомдун аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету угулуп, аткарылган иштердин натыйжасына жараша ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же калтыруу маселеси каралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу боюнча айылдык кеңештин депутаттары өз шайлоо округдарында мыйзамда белгиленген укук, милдеттеринин чектеринде айыл өкмөтүнө уюштуруучулук жардамдарды беришсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасы А.Кадыровко жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыров
|