Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-сентябры № 14
Шаардын жарандарына «Ардактуу Атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө
“Шаардын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу боюнча келип түшкөн сунуш каттар тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Конкобаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын-пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги 11 –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Конкобаевдин маалыматы жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын-пикирлери эске алынсын.
2. Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык (эсептөө комиссиясынын протоколу тиркелет) Таш-Көмүр шаарынын социалдык экономикалык, маданий жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары үчүн төмөндөгү жарандарга Таш-Көмүр шаарынын «Ардактуу Атуулу» наамы ыйгарылсын жана «Шаардын Ардак Китебине» жазуу жүргүзүлсүн :
1. Айтмырзаев Исахан Жайылович.
2. Алимбеков Тургунбек Батырбекович.
3. Джангиров Асанбек.
4. Жумабаев Кулдуркан.
5. Киязова АйсалкынАбдыкадыровна.
6. Мураталиева Салияхон Момунбековна.
7. Чокоев Сабырбек Тагаевич.
8. Юсупбаева Айчурек Аширалиевна.
3. Токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Конкобаев) жүктөлсүн
Таш-Көмүр шаардык кеӊешинин төрагасы |
М.С. Кулдышев |