Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 17-февралы № XIII-3
Төө-Моюн ветеринардык сервисинин салык төлөөсүн патент алуу жолу менен төлөөгө өткөрүү жөнүндө
Төө-Моюн ветеринардык сервиси айылдык аймактагы айыл чарба жана үй жаныбарларынын арасында ар түрдүү оорулардын пайда болушунун, жугуштуу оорулардын таркап кетишинин алдын алуу боюнча ветеринардык-санитардык иш чараларды жүргүзүүчү негизги ишкана. Өз учурунда аталган ишкана жүргүзүп жаткан ишкердиги үчүн салыктарды патент алуу жолу менен төлөп келген. Азыркы учурда салыкты ишкананын жалпы жүгүртүүсүнөн талап кылынышы, ансыз да ветеринардык адистердин жетишсиздиги маселесин жана аймактагы ветеринардык санитардык абалдын мындан да курчушуна алып келет. Күн тартибиндеги маселе боюнча аталган ветеринардык сервистин башчысы М.Таджибаевдин маалыматын жана сөзгө чыккан депутаттардын сунуштарын угуп чыгып айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынан Төө-Моюн айыл аймагы чек арада, райондун борборунан алыс жайланышкандыгын жана шартынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Төө-Моюн ветеринардык сервиси тарабынан ишкерликти жүзөгө ашыргандыгы үчүн төлөнүүчү салыкты патент алуу жолу менен төлөөгө өткөрүү маселесин чечип берүү жагы суралсын.
2. Токтомду мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгына тапшыруу айыл өкмөтүнүн улук салык инспектору К.Маматовко тапшырылсын.
3. Сунуштун аткарылышынын жүрүшүн көзөмөлдөп баруу милдети айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. (З.Абдуллаев).
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыров
|