Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы
2013-жылдын 4-сентябры № 8-1
"Жеке-Мисте", Найман", "Авиз" айылдарында жеке турак жай жана кошумча курулуштарды курууда айылдардын башкы планынын жана архитектуралык курулуш куруу нормаларынын, стандарттарынын сакталышынын абалы
Кун тартибиндеги маселе боюнча айылдык кенештин айыл чарбасы, жер, мун'ичипалдык менчик жана аймакты корктондуруу боюнча туруктуу комиссиясынын текшеруусунун жыйынтыгы жонундогу аталган комиссиянын торагасы Б.Алимбековдун маалыматында белгиленгендей, текшерилген айылдардын баарында жеке турак жай ээлери тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жеке турак жай куруу жонундогу» мыйзамынын 10,11-беренелеринин, «Шаар куруу жана архитектура жонундогу» мыйзамынын 29,45, «Айыл мыйзамынын» жамааттын мучолорунун милдеттери болумунун жана Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жонундогу» кодексинин 462- беренесинин талаптарынын бузулуу фактылары четтен кездешет. Маалыматты жана созго чыккандардын ой-пикирин угуп чыгып айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жеке-Мисте», «Найман» жана «Авиз» айылдарында жеке турак жай жана кошумча курулуштарды курууда айылдардын башкы планынын, ошондой эле архитектуралык курулуш куруу нормаларынын, стандарттарынын сакталышынын абалы жонундогу туруктуу комиссиянын торагасы Б.Алимбековдун маалыматы эске алынсын.
2. Айылдык аймакта айыл окмоту тарабынан бул багытта иштер жургузулуп жатканы менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундогу» мыйзамынын айыл окмотунун компетенциясы тууралуу 47-беренесинин 8-п.,"Муниципалдык менчик жонундогу" мыйзамынын оз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын ыйгарым укуктары тууралуу 19-беренесинин 7-абзацынын жана «Айыл мыйзамынын» жамааттын оз алдынча башкаруу органдары жонундогу IV болумунун талаптары оз денгээлинде аткарылбай жатат деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын «Шаар куруу жана архитектура жонундогу» мыйзамынын 8-беренесинин 1-пунктунда бардык курулуш куруу иш аракеттерин, ошондой эле «Жеке турак жай куруу жонундогу» мыйзамынын 12-беренесинде жеке турак жай учун жер участокторун ажыратуу, долбоорлоо жана курулуш курууну* курулуш куруу жана архитектура органдары координациялайт жана козомолдойт деп аныкталганына карабастан, Араван райондук шаар куруу жана архитектура башкармалагынын Тоо-Моюн айылдык аймагы боюнча окулу А.Жоошбаевдин оз милдеттерине конул кош мамиле жасап жаткандыгы белгиленсин.
4. Айыл окмоту:
-жеке турак жай жана кошумча курулуш курууда шаар куруу жана архитектуралык курулуш куруу нормаларынын, стандарттарынын сакталышы-бул айылдын корку, элдин эстетикалык-маданий, адеп-ахлактык денгээлинин жана укутук билиминин корсоткучу экендигин эске алып,
токтомдо белгиленген кемчиликтерге мындан ары жол бербоо максатында тийиштуу кызматкерлер, айыл башчылар тарабынан жогорудагы мыйзамдардын талаптарынын аткарылышына жетишуу учун жоопкерчилигин котруу боюнча чараларды корсун;
-жарандардын курулуш куруудагы укуктук билимин жогорулатуу, аларга айыл мыйзамынын эрежелерин жеткируу, кошуначылыктын ыйман сабактарын тушундуруу иштери эл чогулган жерлерде, элдик жыйындарда туруктуу жургузулсун. Бул ишке айылдык кенештин депутаттары, маала, кочо комитеттери, аялдар, жаштар кенештеринин, аксакалдар сотгорунун мучолору, ишкана, мекеме, уюмдардын жетекчилери жана коомчулуктун кенири катмары тартылсын.
-токтомдо белгиленген иш чаралардын аткарылышы боюнча айылдык кенешке квартал сайын жазуу жузундо маалымат берип турулсун.
5. Аравн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын Тоо-Моюн айылдык аймагы боюнча окулу А.Жоошбаевден ыйгарым укуктарын озуно жуктолгон кызматтык укук милдеттеринин денгээлинде жургузуусу зарыл экендиги эскертилсин.
6.Токтомдун аткарылышына козомолдук айылдык кенештин айыл чарбасы, жер, мунуиципалдык менчик, аймакты корктондуруу жана экология боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан жургузулсун (Б.Алимбеков).
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыров
|