Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын VIII сессиясы
2013-жылдын 4-сентябры № 8-2
Айылдык аймактагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбиялануучуларга тамак берүүдө белгиленген нормалардын,санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышы
Айылдык кенештин бюджет, финансы, экономикалык маселелер жана ишкерликти онуктуруу боюнча туруктуу комиссиясынын кун тартибиндеги маселе боюнча жургузгон текшеруусунун жыйынтыгы тууралуу комиссиясынын торагасы З.Абдуллаевдин маалыматын, “Умут”жана “Байчечекей” балдар бакчаларынын башчыларанын отчетторун, ошондой эле созго чыккандардын ой-пикир, сунуштарын угуп чыгып айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык аймактагы мектепке чейинки билим беруу уюмдарында тарбиялануучуларга тамак беруудо белгиленген нормалардын,санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышы боюнча текшеруунун жыйынтыгы тууралуу айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын торагасы З.Абдуллаевдин маалыматы конулго алынсын.
2. Ак-Шар айылындагы “Умут” балдар бакчасыннын жамааты тарабынан жеткинчектерде дене- тарбиялык, интелектуалдык, адеп-ахлактык негиздерди калыптандыруу, жеке жондомдорун оркундотуу багытында бир топ алгылыктуу иштер алып барылгандыгы жана Найман айылындагы “Байчечекей”балдар бакчасында тарбиялануучуларга мектепке чейинки билим беруу боюнча зарыл шарттарды тузуудо сезилерлик аракеттер болуп жаткандыгы, ошондой эле балдарга тамак беруудо белгиленген нормалардын, санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышын камсыз кылууда он жылыштар бар экендиги белгиленсин.
3. Аталган балдар бакчаларынын оз ишинде ачык-айкындуулуктун жетишсиздиги, ортко каршы каражаттардын жоктугу , болмолор менен жетишсиз камсыз болбогондугу, “Байчечекей” балдар бакчасынын эмгек жамаатында психологиялык климат талаптагыдай эместиги корсотулсун.
4. ”Байчечекей” жана “Умут” балдар бакчаларында коруноо жерге атайын стенд уюштурулуп, жеткинчектерге берилуучу тамак-аштын меньюсу, калкуляциясы жана тайпалар боюнча бекитилген окуу программалары илинсин.
5. Балдар бакчаларынын башчыларына эмгек жамаатында психологиялык климатты жакшыртуу жана кесиптик этика нормаларынын сакталышын камсыз кылуу максатында кызматкерлер арасында тушундуруу жана тарбиялык иштерди туруктуу жургузуп барсын.
6. Балдар бакчаларынын башчылары аталган тапшырмалардын аткарылышы жонунудо 2013- жылдын 10-октябрынан кечиктирбей айылдык кенешке маалымат беришсин.
7. Айыл окмоту: - “Умут” балдар бакчасынын имараты боюнча тузулгон койгойду чечуу учун колдо бар мумкунчулуктордун варианттарын карап чыгып, айылдык кенешке жылдын аягына чейин сунуш берсин; . -балдар бакчаларын тез арада орт коопсуздугунун каражаттары менен камсыз кылсын; -аймактагы мектепке чейинки билим беруучу уюмдарында жеткинчектердин ден соолугуна кепилдик беруучу, тарбия жана мектепке чейинки билим алуу боюнча татыктуу шарттарды тузуу багытында узгултуксуз иш алып барсын жана жергиликтуу бюджеттин 2014-жылга долбоорун тузуудо ушул милдеттер эске алынсын.
8. Токтомдун аткарылышын козомолдоо милдети айылдык кенештин социалдык маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, миграция, коомдук уюмдар менен иштоо жана коррупциянын алдын алуу боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.(Ы.Темиров).
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыров
|