Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын VIII сессиясы
2013-жылдын 4-сентябры № 8-6
Айылдык аймактын «Жаштык» айылынын аймагынан турак жай куруу үчүн
берилүүчү жер учачтокторунун өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө
«Жаштык» айылы союз мезгилинде, мурдакы «Пахтачы» совхозунун 2-болуму болуп турган учурда-1981-жылы «Кыргызгипрозем» тарабынан ушул айылдын башкы планы тузулуп, ар бир жаранга берилуучу жер участоктору 0,08 га олчомундо белгиленген. Азыркы учурда Авиз, Сары-Таш айылдарында турак жай куруу учун жер участокторуна муктаж жарандар коп. Бирок, ал айылдардын аймагында жарандардын муктаждыктарын канааттандыруу учун жер аянттары жок болгондуктан, бул койгой элде нараазычылык жаратууда. Ошондуктан, аталган айылдардын жарандарын кызыктыруу, аларды «Жаштык» айылынын аймагынан жер участоктору менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундогу» мыйзамынын 31-беренесине жана «Жер Кодексинин» 18- беренесинин 4п. негиз айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жаштык» айылынын аймагынан турак жай куруу учун берилуучу жер участокторунун аянты 0,12 га олчомундо белгиленсин.
2. Айыл окмоту: «Жаштык» айылынын (2-отделение совхоза «Пахтачы») 1981-жылы тузулгон башкы планына ушул токтомго ылайык озгортуулорду киргизуу боюнча тийиштуу иштерди алып барсын жана мындан ары турак жай куруу учун жер участокторун берууну башкы пландын чектеринде ар бир жаранга 0,12 га олчомундо жургузсун.
3. Араван райондук курулуш куруу жана архитектура башкармалыгынан «Жаштык» айылынын башкы планына озгортуу киргизуу иштеринде комок корсотуу жана аталган айылдан жеке турак жай куруу учун жер участокторун натуралай ажыратып берууну ушул токтомго ылайык жургузуу жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын козомолдоп баруу милдети айылдык кенештин айыл чарбасы, жер,коммуналдык менчик, экология жана аймакты корктондуруу боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.(Б.Алимбеков)
.
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыров
|