Редакцияот 21.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин ХХVI-чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы

 

2013-жылдын 21-июну № 6

Маркум Апсамат Масалиевдин ысмын А.С.Пушкин атындагы №12 орто мектебине ыйгаруу тууралуу» Кыргызстан Коммунистеринин партиясы” саясий партиясынын Таш-Көмүр шаарындагы бөлүмүнүн 06.06.2013-жылдагы № 01/06-кайрылуу каты жөнүндө

“Маркум Апсамат Масалиевдин ысмын А.С.Пушкин атындагы №12 орто мектебине ыйгаруу тууралуу” “Кыргызстан Коммунистеринин партиясы” саясий партиясынын Таш-Көмүр шаарындагы бөлүмүнүн 06.06.2013-жылдагы № 01/06- кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Конкобаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 8 - cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Маркум Апсамат Масалиевдин ысмын А.С.Пушкин атындагы №12 орто мектебине ыйгаруу тууралуу” “Кыргызстан Коммунистеринин партиясы” саясий партиясынын Таш-Көмүр шаарындагы бөлүмүнүн 06.06.2013-жылдагы № 01/06-кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Конкобаевдин маалыматы эске алынсын. /маалыматы тиркелет/

Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, Кыргыз Республикасынын Баатыры, маркум Апсамат Масалиевдин ысмын түбөлүккө калтыруу максатында А.С.Пушкин атындагы №12 орто мектебине ыйгарууга добуш беръънън жыйынтыгы менен макулдук берилген жок.

3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.

4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Конкобаев) жүктөлсүн.

 

Таш-Көмүр шаардык

кеӊешинин төрагасы

 

М.С. Кулдышев