Редакцияот 14.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Арча айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын VIII сессиясы

 

2014-жылдын 14-марты № 8/2

Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн

2014-жылга тазалык жыйымын бекитүү жөнүндө

 

Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата 576 түтүндүн ичинен 360 түтүнгө тазалык жыйымы 10(он) сомдон чогултууну жана аз камсыз болдгонүй-бүлөөлоргө, айылда учетто туруп башка жакка убактылуу иштеп, жашап кеткендерге, кыштоолордо жашаган 216 түтүнгө женилдик берүү жөнүндө XXVI шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата 576 түтүндүн ичинен 360 түтүнгө тазалык жыйымы 10(он) сомдон чогултууну жана аз камсыз болдгонүй-бүлөөлоргө, айылда учетто туруп башка жакка убактылуу иштеп, жашап кеткендерге, кыштоолордо жашаган 216 түтүнгө женилдик берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык адистери Г.Койчумановга,Асангазы к.Назгүлгө милдеттендирилсин.

 

Он-Арча айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

М. Босунов