Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2013-жылдын 4-сентябры № 5/4
Спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу жөнүндө
Он-Арча айыл аймагында спирт ичимдиктерин ичип алышып ар кандай кылмыштуулукка барып, үй-бүлөөсүнө карабаган жагдайлар болуп жаткандыктан, аймактагы дүкөндөрдөгү спирт ичимдиктерин сатууга тыюуу салуу жөнүндөгү айыл тургундарынын суроо -талабын канааттандыруу максатында XXVI шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он-Арча айыл аймагындагы дүкөндөрдөгү спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу жөнүндөгү айыл тургундарынын суроо-талабы канааттандырылсын.
2. Дүкөндөрдөгү спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.
3. Айыл тургундарынын суроо- талабына ылайык спирт ичимдиктерин саткан дүкөн ээлерине 5000 сом айып пул салынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Болотбековго тапшырылсын.
Оң-Арча айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Босунов |