Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2013-жылдын 5-августу № 5/5
Таза суу системасын иштетүүнү жөнгө салуу жөнүндө
Он-Арча айыл аймагындагы суу түтүкчөсүнөн жашоо тиричиликтер үчүн үйлөрүнө суу киргизүүгө макулдук алуу менен макулдук алууга атайын төлөм баасы коюлуп,макулдугу жок суу киргизип алгандарга айып салуу жолу менен ишке ашыруу каралууда.Суу түтүкчөлөрүнүн тетиктери эскирип,көп акча каражаттары керектеле тургандыгын чогултулган акча каражаттары суу түтүкчөсүнүн ремонт иштерине керектөө максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургундарына суу түтүкчөлөрүнөн жашоо тиричиликтери үчүн үйлөрүнө суу киргизүүгө уруксаат берилсин.
2. Суу киргизүү үчүн макулдук алууга төлөмдөрдүн өлчөмү 2000 сомго,макулдугу жок киргизип алгандарга айып салуу өлчөмү 5000 сомго бекитилсин.
3. Белгиленген төлөмдөр айыл тургундарынын таза суу менен камсыз кылууда суу түтүкчөлөрүнүн ремонт иштерине жумшалсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Болотбековго тапшырылсын.
Оң-Арча айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Босунов |