Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2013-жылдын 4-сентябры № 5/6
Алыскы жайыт боюнча тиешелүү мекемелерге кайрылуу
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Сай өрөөнүндөгү УДПдагы жайыт жерлерди айыл аймагынын айыл өкмөтү менен байланышпай,уруксат,келишими жок ин охотага пайдаланууга берилип кеткендиктен,айылдык Кеңешинин,айыл өкмөтүнүн,жайыт комитети менен биргелешип облустук жайыт комиссияга, райондук прокуратурага ,райондук тех инспекция үч тараптуу кат менен кайрылып, кайта кайтарып алууга мыйзамдуу чечилишин талкуулап Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Сай өрөөнүндөгү жайыт жерлери ин охотага жайыт комитетинин макулдугу жок берилип кеткендиктен үч тараптуу кайрылуу кат жолдоо менен калыбына келтирилсин.
2. Үч тараптуу кайрылуу катты жолдоп иштерди аткаруу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Т.Асанбековго тапшырылсын.
Оң-Арча айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Босунов |