Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2013-жылдын 4-сентябры № 5/7
Бодо малды сатууда справканын баасын өзгөртүү жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Болотбеков базарда бодо малды сатууда маалымдаманын (справканын) мурунку баасы 20 сом болуп келсе,30 сомго көтөрүү жөнүндө сунушун айылдык Кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базарда бодо малдарды сатууда маалымдама (справканын) баасы 30 сом өлчөмүндө көтөрүү жөнүндөгү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Болотбековдун сунушу канааттандырылсын.
2. Мыйзамга ылайык атайын шнурланган китепчеге түшүрүп,айыл тургундарына маалымдаманы (справканы) берүү жагы айыл башчы С.Ташболотовго милдеттендирилсин.
3. 2014-жылдын январь айынан баштап маалымдаманы 30 сомдон берүү жагы каралсын.
Оң-Арча айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Босунов |