Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2014-жылдын 19-майы № 13/2
Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Он-Арча айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 26-беренесине ылайык,Он-Арча айылдык Кеңешинин ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынын каттоодон өткөрүлүп, Onarcha narun-region.kq веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү учун Нарын облусунун Юстиция башкармалыгынан жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Болотбековго жүктөлсүн.
Оң-Арча айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Босунов |