Редакцияот 14.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Он-Арча айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

 

2014-жылдын 14-марты № 8/3

№ 4038 Он-Арча шайлоо участкасынан шайланган депутат

Молодакун уулу Төлөгөндүн ыйгарым укугун токтотуу жөнүндө

 

№ 4038 Он-Арча шайлоо участкасынан шайланган депутат Молодакун уулу Төлөгөн ден соолугуна байланыштуу каза болгондуктан,депутаттын ыйгарым укуктарын токтотуу керектигин карап , андан кийинки тизмеде турган кандидаттын укугун таануу максатында XXVI шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. № 4038 Он-Арча шайлоо участкасынан шайланган депутат Молодакун уулу Төлөгөн ден-соолугуна байланыштуу каза болгондуктан , депутаттын ыйгарым укугу токтотулсун.

2. Нарын Аймактык Шайлоо комиссиясынан кийинки тизмеде турган кандидаттын ыйгарым укуктарын таануу суралсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

Оң-Арча айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

М. Босунов