Редакцияот 26.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сон-Көл айылдык Кеңешинин V чакырылышынын X сессиясы

 

2015-жылдын 26-январы № 10/4

Сон-Көл айыл аймагынын каттоосунда туруп, учурда сыртта жашап жаткан үй-бүлөөлөр жөнүндө

Сон-Көл айыл аймагынын каттоосунда туруп учурда сыртта жашап жаткан үй-бүлөөлөрдү түтүнгө тазалык жыйым салыгынан бошотуу жөнүндө Сон-Көл айыл аймагынын кирешелер боюнча жетектөөчү адиси М.Акматованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сон-Көл айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сон-Көл айыл аймагынын каттоосунда туруп убактылуу сыртта жашаган 75 (жетимиш беш) түтүн тазалык жыйым салыгынан бошотулсун.

2. Сон-Көл айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адиси М.Акматовага токтомду аткаруу жагы милдеттендирилсин.

 

Сон-Көл айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

М. Байбостонов