Редакцияот 14.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эмгекчил айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын IX сессиясы

 

2014-жылдын 14-марты № 2

 Эмгекчил айылынын тургуну

Мамытов Нурбектин арызы жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча  Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кылжыров  билдирүү жасап төмөндөгүлөргө токтолду:

Арыз ээси Мамытов Нурбектин атасы  Мамытов Акимшанын  ысымын Эмгекчил айылдык китепканасына  берүүнү сураган арызын тааныштырды.

Мамытов Акимшанын Эмгекчил айылынын өсүп-өнүгүүсүнө кошкон зор салымын эске алып айылдык китепканага ысымын берүүнү сунушун угуп жана талкуулап сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Арыз ээси Мамытов Нурбектин арызы канааттандырылсын.

2. Эмгекчил айылдык китепканасына  Мамытов Акимшанын ысымы берилсин.

3. Китепкананы  ондоп,түзөө,көрктөндүрүү,жашылдандыруу жагы  Мамытов Акимшанын үй-бүлөсүнө,балдарына милдеттендирилсин.

 

Эмгекчил айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Мусаев