Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-марты № 2
эсебиндеги 1-январь 2014-жылга карата
калдык акча каражатын пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2014-жылга карата 878 100 (сегиз жүз жетимиш сегиз мин бир жүз) сом калдык акча каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Эмгекчил айылдык Кенешинин бюджет,финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Жолочиеванын сунуштарынын негизинде Эмгекчил айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2014-жылга карата 878 100 (сегиз жүз жетимиш сегиз мин бир жүз) сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга берилсин.
Башка тейлөө кызматтарына
АУП ст. 22156900 - 278 100 ( эки жүз жетимиш сегиз мин бир жүз) сом;
МЕКТЕП ст. 22152100 – 600 000 (алты жүз мин) сом
Калган акча каражаты Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебинде калтырылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кылжыровдон суралсын
Эмгекчил айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Мусаев
|