Редакцияот 02.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эмгекчил айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XI сессиясы

 

2014-жылдын 2-майы № 1

 Жазгы айдап себүү  иштери жана  малчыларды көчүрүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык Кенештин төрагасы Н.Мусаевдин   билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жазгы айдап себүүгө карата кызмат көрсөтүү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

Айдоо               1000 сом

Тырмоо               300 сом

Себүү                  300 сом

Шакап тартуу     100 сом

2. Малчылар  2014-жылдын 5-майынан баштап ички жайытка көчүрүлсүн,

1-июндан баштап ортонку жайыттарга көчүрүлсүн.

3. Корук мезгилинде айдоого мал түшсө бодо башына 100 (жүз) сом, кой-эчкиге 10 (он) сомдон айып төлөнсүн.

4. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кылжыровго милдеттендирилсин.

 

Эмгекчил айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Мусаев