Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-июну № 1
Эмгекчил айыл аймагынын «Солтон-Сары» өрөөнүнүн «Бучук» участкасынан, «Чжун джи майнинг» компаниясына геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча малекеттик агенттиги тарабынан 2014-жылдын 31-январында «Чжун джи майнинг компаниясына» 2387 АР «Геологиялык изилдөө жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугун берүү лицензиясынын» негизинде, Кыргыз Республикасынын
2012-жылдын 9-августундагы № 160 «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамынын 9-статьясынын 1-пунктун жетекчиликке алып, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгекчил айыл аймагынын «Солтон-Сары» өрөөнүнүн «Бучук» участкасынан, «Чжун джи майнинг» компаниясына жогоруда көрсөтүлгөн лицензиялык аянттарга 2014-жылдын октябрь айына чейин геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгекчил айыл аймагынын айылдык Кең ешине тапшырылсын.
Эмгекчил айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Мусаев
|