Редакцияот 18.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эмгекчил айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XIV сессиясы

 

2014-жылдын 18-октябры № 1

Эмгекчил айылынын калктуу конушунун

чек араларын тактоо жана бекитүү жөнүндө

 

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 04.10.2012-жылдагы № 211-б буйругунун жана  Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  04.10.2012-жылдагы № 39 буйруктарынын негизинде «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Эмгекчил айыл өкмөтүнүн калктуу конушунун чек араларын тактоо жана бекитүү жөнүндөгү иш кагаздарын карап чыгып сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргызмамжердолбоор»  долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Эмгекчил айылынын калктуу конушунун жалпы аянты 373,3 гектарды түзүп,калктуу конуштарынын чек аралар баяндамасына ылайык тактоодо жазылган сызык боюнча бекитилсин. (чек аралардын баяндамасы тиркелет)

2. «Кыргызмамжердолбоор»  долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Эмгекчил айыл аймагынын  калктуу конушунун жалпы жер аянтын аныктоо  жана жерлерин инвентаризациялоо жумуштары жазалган материалдарына жана тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдарынын негизинде Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо  башкармасына  жерди эсепке алуу иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба,токой чарба,суу чарба,жашылдандыруу,көрктөндүрүү  энергетика жана өз алдынча башкаруу боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Эмгекчил айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Мусаев