Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-февралы № 14/1
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы 2015-жылга бюджетинин жана 2016-2017 жылдардын бюджетинин долбоорунун бекитилиши жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл кеңешинин V чакырылышынын XIV отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. К.Белекбаев атындагы Алай айьш өкмөтүнүн 2 014 жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жыл ичиндеги өзгөртүүлөрдү эске алуу менен 15100,6 сомго жана чыгаша бөлүгү 15100,6 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата белгиленген бюджетинин долбоорун, депуттардын айткан сунуштары, пикирлери менен киреше 10770,9 сом жана чыгаша сом өлчөмүндө бекитилсин. Анын ичинен, тендөөчү грант 6927,9,0 мин сом, жергиликтуу кирешелер 3165,2 мин сомго белгиленсин .
3. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн белгиленген бюджетинин долбору 2016-жылга карата депуттардын айткан сунуштары, пикирлери менен киреше жана чыгаша бөлүгүнө теңдөөчү грант 7110,9 мин сом, жергиликтүү кирешелер 3238,2 мин сом өлчөмүндө белгиленсин сом ал эми 2017-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнө теңдөөчү грант 7237,1 мин сом, жергиликтүү кирешелер 3303,2 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
4. Жергиликтүү түшкөн кирешелерден сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча түшкөн бөлүгү толугу менен айыл өкмөтүнүн каржылоосуна калаары аныкталсын.
5. Жыл ичинде түшкөн кирешелердин пландан ашыкчасы жана бир статьядан бир статьяга жылдыруу айыл өкмөтүнүн сессиясында каралып керектөөгө жараша аныкталсын 6. К.Белекбаев атындагы Алай айьш өкмөтүнүн 2015-2016-2017-жылдагы бюджетин киреше жана чыгаша пункттары боюнча чыгымдалышына контролдук кылуу менен ар бир статьянын жумшалышына камсыз кылуу айыл өкмөттүн башкы эсепчиси Ж.Тажибаевке тапшырылсын.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ч. Канкиева
|