К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIV сессиясы
2015-жылдын 16-февралы № 14/4
«Көлдүк жеткинчек» балдар бакчасынын тарбиялануучулары
үчүн ата-энелер төлөөчү өздүк салымдын өлчөмү жөнүндө
Бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде «Көлдүк жеткинчек» балдар бакчасынын башчысы А.Казыева билдирүүсүн угуп, талкуулап К. Белекбаев атындагы Алай айыл Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Азык-түлүк бааларынын кымбаттап жаткандыгына жана көпчүлүк ата-энелердин макулдугуна байланыштуу өздүк салым 1-март 2015-жылдан баштап 300 сом өлчөмүндө болсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана А.Казыевага милдеттендирилсин.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ч. Канкиева
|