Редакцияот 27.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы

 

2015-жылдын 27-апрели № 16/1

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүндө түзүлгөн демилгелүү топ тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү чечүү максатында, коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун «коммуналдык инфраструктураны каржылоо VIP – KFW, 3-этап (ПСИ-3)» долбоорунун конкурсуна катышу боюнча түзүлгөн комиссиясынын отурумунун 27-апрель 2015-жылдагы № 1 протоколун кароо жөнүндө

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын 27-апрель 2015-жылдагы №1 протоколун карап, конкурстук комиссиянын сунуштарын угуп жана талкуулап К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин V чакырылышынын XVI кезексиз отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы демилгелүү топтор тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү чечуу максатында, К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун «комуналдык инфраструктураны каржылоо VIP – KFW, 3-этап (ПСИ-3)» долбоорунун конкурсуна катышуу үчүн түзүлгөн конкурстук комиссиясынын 27-апрель 2015-жылдагы өткөрүлгөн жыйынынын №1 протоколу бекитилсин;

2. Бекитилген көйгөйлөрдү айыл өкмөтүнүн стратегиялык өнүгүү планына киргизүү жана ал көйгөйлөрдү чечүү үчүн, ар түрдүү мамлекеттик эмес уюмдарга долбоор жазып, кайрылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кайыровго милдеттендирилсин;

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика, бюджет, финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

К. Белекбаев атындагы Алай

 айылдык Кеӊешинин төрагасы

 

Ч. Канкиева