Редакцияот 01.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2013-жылдын 1-апрели № 9

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер аянттарынын аныктап тактоо (инвентаризация) боюнча 2013-жылдын 12-фералында түзүлгөн актысын бекитүү жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык Кенешинин кезектеги IV-сессиясы (бешинчи шайланган) күн тартибиндеги экинчи. “Кыргыз мамжердолбоор” институтунун Оштогу мамлекеттик ишканасы тарабынан Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер аянттарынын такталганы жөнүндөгү 2013-жылдын 12-фералындагы комиссиянын актысы жөнүндөгү, маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Кыргыз мамжердолбоор” институтунун Оштогу мамлекеттик ишканасы тарабынан Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагындагы негизги участогундагы жер аянттарынын аныктап тактоо (инвентаризация) боюнча 2013-жылдын 12-фералында түзүлгөн актысы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө айылдык кенештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кызыл-Кыштак айылдык

 Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Иззатуллаев