Редакцияот 01.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2013-жылдын 1-апрели № 18

Кыргыз Республикасынын эл артисти, обончу-аткаруучу жана компазитор Т.Эшпаевге

Кызыл-Кыштак айыл округунун “Ардактуу атуулу” деген наам берүү жана чыгармачылык

юбилейине демөөрчүлүк көрсөтүү жөнүндө

 

Кызыл-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги IV-сессиясы (бешинчи шайланган) күн тартибиндеги он биринчи, Кыргыз Республикасынын эл артисти, обончу-аткаруучу жана композитор Т. Эшпаевге Кызыл-Кыштак айыл округунун “Ардактуу атуулу” деген наам берүү жана чыгармачылык юбилейине демөөрчүлүк көрсөтүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын эл артисти, обончу-аткаруучу жана композитор Т. Эшпаевге Кызыл-Кыштак айыл округунун “Ардактуу атуулу” деген наам берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын эл артисти, обончу-аткаруучу жана композитор Т. Эшпаевдин юбилейине демөөрчүлүк көрсөтүүгө акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кызыл-Кыштак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Иззатуллаев