Редакцияот 18.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2013-жылдын 18-июну № 20

“Жойпас сугат каналын тазалоо” проектисине АЧКМА тарабынан бөлүнгөн 1 млн 150 миң сом

атайын каражат эсебинен киреше жана чыгаша бөлүгү сметанын негизинде

 жумшалуусун бекитүү жөнүндө

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы күн тартибиндеги экинчи, “жаратылышты коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүү боюнча Ош-Баткен жергиликтүү фонд башкармалыгынын 12.03.02013-жылдагы №4-чечиминини негизинде АЧКМА (Айлана Чөйрөнү Коргоо Мамлекеттик Агентиги) бөлүнгөн “Жойпас сугат каналын тазалоо” проектисине түшкөн 1 150 миң сом акча каражаты атайын каражат эсебинен(спец счет) сметанын негизинде жумшалышын бекитүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаратылышты коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүү боюнча Ош-Баткен жергиликтүү фонд башкармалыгынын 12.03.02013-жылдагы №4- чечиминини негизинде АЧКМА (Айлана Чөйрөнү Коргоо Мамлекеттик Агентиги)тарабынан “Жойпас сугат каналын тазалоо” проектисине түшкөн 1 150 миң сом акча каражаты атайын каражат эсебинен(спец счет) сметанын негизинде жумшалсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .

3. Бул токтомдун аткаралышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кызыл-Кыштак айылдык

 Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Иззатуллаев